YOUTUBE
Жаңылыктар
тАШ-КӨМҮР ШААРЫНЫН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
1935-жылы 29-октябрда Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин
Жарлыгына ылайык "Нарын" кен башкармалыгынын жумушчу шаарчасынын борбору болуп Таш-Көмүр району түзүлөт. Таш-Көмүр райондун борбору катары 1942-жылдын 11-ноябрына чейин сакталып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен район Жаңы-Жол аталып, борбору Чоң-Акжол, башкача айтканда азыркы Жаңы-Жол айылына көчүрүлөт. Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун 1943-жылынын 15-апрелиндеги Жарлыгынын негизинде Жалал-Абад областынын Жаңы-Жол районундагы Таш-Көмүр жумушчу шаарчасы мурдагы аты сакталуу менен областтык маанидеги шаар болуп түзүлгөн. Таш-Көмүр шаарынын мэриясына караштуу Кызыл-Жар айылдын аймактык башкармалыгы жана Таш-Көмүр шаарынын Мендигулов, Тынчтык, Түндүк, Кызыл-Алма аймактык башкармалыктары кирет. Шаардын борбору – Таш-Көмүр. Шаардын калкы 1948-жылы 7108 адамды түзсө, бүгүнкү күндө шаардын калкы 21 876 гө жетти.
Шаардын географиялык түзүлүшү жана климаттык шарттарга мүнөздөмөсү:
жалпы аянты – 6841,99 га
• дениз денгээлинен– 585 м бийиктикте
• областтын борборуна чейинки аралык – 120 км
• аэропортко чейинки аралык – 125 км
• темир жол станциясына чейинки аралык – 1 км
Таш-Көмүр шаары түндүк – чыгыш жагынан Кара-Көл шаары, чыгыштан Ноокен району, түндүк – батыш тарабынан Аксы району менен чектешет. Шаар Бишкек-Ош трассасынын жанында, Нарын дарыясынын оң тараптагы жээгинде жайгашкан. Дениз денгээлинен 585 метр бийиктикте турат. Бишкек шаарынан алыстыгы 450 км, ал эми Ош шаарынан 230 км алыстыкта жайгашкан. Шаардын жалпы аянты 6841,99 га түзөт. Таш-Көмүр шаарында экологиялык абал туруктуу. Шаар айланасындагы ландшафт дөнсөлүү жана тоолуу. Жайкысын ысык жана кургак болот, кышкысын -10-12 с. чейин суук болот. Жылдык жаан-чачын 403мм түзөт.








Таш-Көмүр шаарынын SWOT-анализи
Күчтүү жактары
-Мал чарбасы
-Аарычылык
-Шаар башка райондорго кетүүчү жолдо жайгашкан
-Кооз жаратылыш
Алсыз жактары
-Кайра иштетүүчү ишканалар жок
-Жол байланыштары оор
-Татаал климаттык шарттар
-Сугат жана таза ичүүчү суу
Мүмкүнчүлүктөр
-Кен байлыктар
-ГЭС
-Туризм өнүктүрүү
-Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү
Коркунучтар
-Миграция
-Жакырчылык
-Жумушсуздук
-Экология бузулушу
Таш-Көмүр шаарындагы ишканалар













