2025-жылдын 29-декабрында Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында Депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү. Сессияга шаар мэри К.Б. Бектемиров , шаардык кеңештин депутаттары, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: 1. Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө. /докладчы:-шаардын мэринин орун басарынын у.м.а.Н.Боронбаев/ 2. «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын 2024-2025-2026-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы. /докладчы:-«Жылуулук менен камсыздоо» иш-н директору Н.Атабаев/ 3. Таш-Көмүр РЭТ ишканасынын 2025-2026-жылда кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу маалыматы. /докладчы:-РЭТ ишканасынын башчысы Т.Нышанов/ 4. 2026-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы жөнүндө. /докладчы:-шаардын мэри К.Бектемиров/ 5. 2026-жылга карата шаардык Кеңештин иш планын бекитүү жөнүндө. /докладчы:-шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Б.Дуйшебаева/ 6. Ар кандай: •Шаардык мэриянын 08.12.2025-жылдагы «2026-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу» N 01-21/4557 кайрылуу каты жөнүндө. /доклдадчы:»Бюджет» боюнча туруктуу комиссиясы/ •Шаардык мэриянын 12.12.2025-жылдагы «Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу долбоордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттее акча каражатын бөлүп берүү тууралуу» N 01-21/4642 кайрылуу каты жөнүндө. /докладчы:»Бюджет» боюнча туруктуу комиссиясы/. Шаар мэри өз сөзүндө 2025-жылы аткарылган иштерге токтолуп, алдыдагы жылга карата максаттарды белгилеп өттү. Депутаттар маселелерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Сессия конструктивдүү маанайда өтүп, шаардык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштар менен жыйынтыкталды.





No responses yet