Жаңырып, жаңы коңшулар жайгашкан аймакта.

Жыл жыйынтыкталып, аткарылган иштердин ийгиликтеринен маалымат берип, абалын жеринде угуу, келээрки жылга карата иш пландары менен бөлүшүп , шаар мэри К.Б.Бектемиров Кызыл-Алма аймактык башкармалыгында тиешелүү жетекчилер менен биргеликте болуп кайтты. Тургундардын кубанычтары толтура. Айтпаса да көрүнүп тургандай эскирип жанынан адам өтсө чаң баскан жерлер жаңырып, жаңы коңшулар жайгашкан жаңы МИКтин үйү, зымырап көз жоосун алган жаңы асфальт жол. Ошентсе да дагы аткарылуучу иштер али алдыда . Тургундардын негизги суроолору жылуулук менен камсыз кылуу, шаар каттамына транспорт жетишсиздиги боюнча болду. ж.б. Быйылкы 2025-жылдагы жакшы иштердин аткарылышына ыраазычылыктарын билдиришти. Күтүлүп жаткан жаңы жылдагы иштерге ийгиликтерди каалашты. Аягында шаар мэр К.Б.Бектемировдун келе жаткан жаңы жылга карата куттуктоосу менен жыйын аяктады.

 

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *