2025-жылдын 29-декабрь күнү №4 Токтогул атындагы мектеп-комплексинде шаар мэри К.Б. Бектемировдун катышуусунда салтанаттуу «Мэрдин балатысы» өткөрүлдү. Иш-чарага мектептеги мыкты окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан жана социалдык жактан колдоого муктаж окуучулар катышты. Майрамдык программа Аяз ата, Аяз кыз жана жомок каармандарынын коштоосунда өткөрүлүп, балдар үчүн атайын концерт, оюн-зоок жана конкурс программалары уюштурулду. Шаар мэри К.Б. Бектемиров өз сөзүндө: «Жаңы жыл – бул жаңылануунун, үмүттүн жана жарык келечектин символу. Бул майрамда баарыбыз жакшылыктарды күтөбүз, жакындарга жылуу сөз айтып, келечекке ишеним менен карайбыз. Урматтуу балдар, силерге бекем ден соолук, шаттык күлкү жана ийгиликтерди каалайм. Ар күнүңөр билимге жана бактылуу жашоого карай бир кадам болсун. Жаңы жыл силер үчүн жомоктогудай керемет күндөрдү тартууласын! Ата-энелерге ыраазычылык билдирем — балдар үчүн ар дайым кам көрүп, тарбия берип келе жатасыздар. Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо болсун!» Ошондой эле шаар мэри мектеп жамаатына жана мугалимдерге жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалады. Иш-чаранын жүрүшүндө бардык катышкан окуучуларга шаар мэриясы тарабынан жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул майрам мектеп жамааты жана окуучулар үчүн өзгөчө маанилүү болуп, кубаныч тартуулаган күн катары эсте калды.








No responses yet