Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы болуп өттү.

.
05.09.2025-жылы Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы болуп өттү.
Сессияга шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, депутаттар, шаар мэри К.Б.Бектемиров жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде:
1.Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча мэриянын отчету.
2.»Таш- Көмүр Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу маалыматы.
3.Муниципиалдык Менчик Департаментинин 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу маалыматы .
4.Таш-Көмүр шаарынын социалдык фонд ишканасынын 2024-жыл ичинде жана 2025-жылдын1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу маалыматы.
5.Таш- Көмүр шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2024-жыл ичинде жана 2025-жылдын 1-жарым жылында аткарган иштери тууралуу маалыматы.
Акыркы маселе:
Ар кандай маселелер боюнча каралды.
1-маселе боюнча докладды шаар мэри Бектемиров Келсинбек Базаркулович болуп, депутаттар тарабынан суроолор берилип, сунуштар айтылды.
2-4-5-маселелер да мекеме жетекчилери тарабынан докладдар окулуп, суроо жооп, сунуштар менен толукталды.Бир добуштан колдоого алынып,токтомдор кабыл алынды.
Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча канааттандыраарлык эмес, Ар кандай маселелер ичинен 3-бөлүгү колго салынып, кароого өтпөдү.
Сессияда каралган маселелердин жыйынтыгы, шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө, тазалык иштери, жол иштери, жарыктандыруу, калкыбыздын жашоосуна ар тараптан ыңгайлуу шарттарды түзүү, алдыга жылдыруу аракеттери болду.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *