Таш-Көмүр шаарында алгачкы ипотекалык турак-жай пайдаланууга берилди

Саамалыкка Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Иш-чаранын башында жаңы турак-жайдын буга чейинки абалы тууралуу видео тасма көрсөтүлдү.
Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, буга чейин 100 миллион сом каражат бөлүнгөнүн айтты. Ал эми жакынкы аралыкта оорукана, парк жана спорт комплекси сыяктуу социалдык маанидеги объектилер курулаарын билдирди. Ошондой эле өлкө башчынын тапшырмасына ылайык, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы иштер уланаарын кошумчалады.
Жаңы комплексте төрт кабаттуу эки үй, 96 батир, балдар ойноочу жайлар, спорттук оюн аянтчалары жана эки кабаттуу коммерциялык имарат бар. Ар бир батирде санузел, электр энергиясы жана жылытуу системасы орнотулуп, жашоого бардык шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, турак-жайдын имараттары Союз мезгилинде заводдун жатаканасы катары пайдаланылып келген. Эгемендик жылдары каралбай, таланып-тонолуп, жеке колдорго өткөн. Кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин заманбап турак-жайга айланган.
Иш-чарадан соң Камчыбек Ташиев Кызыл-Алма айылына курула турган жаңы спорттук комплекстин долбоору менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *