Таш-Көмүр шаарында Элдик Курултайга делегаттар тандалды.

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Жакында өтүүчү IV Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жыйын Таш-Көмүр шаарынын маданият сарайында аймактык башкармалыгынан көрсөтүлүп келген делегаттар менен болуп өттү.
Иш-чараны Таш-Көмүр шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун төрагасы С.Т. Кудайбердиев ачып, жыйындын максаты жана жүрүш тартиби тууралуу маалымат берди.
Сөз сүйлөгөн делегаттар арасынан бийликке эл үнүн жеткирүүчү татыктуу делегаттарды тандоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында 2 өкүлдөрдүн кандидатурасы көрсөтүлүп, жалпы добуш менен бир добуштан колдоого алынды.
1-талапкер З.Буланова
2-талапкер Т.Малабеков
Жыйындын жүрүшүндө,
шаар мэри К.Б.Бектемиров ыраазычылык айтып ушул убакка чейинки аткарылган алгылыктуу иштерди баса белгиледи.
Ошондой эле алдыдагы боло турган IV Элдик Курултай да көп ийгиликтерди алып келээри тууралуу элдин үмүтү чоң.
Шаар тургундарынын жигердүү катышуусу — өлкө келечегине болгон жоопкерчиликтин жана биримдиктин белгиси.
Ар бир добуш — баалуу жана маанилүү!

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *