Таш-Көмүр шаарынын маданият сарайында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы – “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундарга таанытуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылып, концерттин коштоосу менен келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.
Аталган иш чарага шаар мэри К.Б.Бектемиров, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алманбет Матубраимов, коомдук-мамлекеттик ишмер жана серепчи Кадыр Кошалиев, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору Кубанычбек Калчакеев , К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору Жеңишбек Дүйшеев ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, айыл башчылары, аялдар жана аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – Жарлыктын мазмунун элге түшүндүрүү, анда белгиленген милдеттердин маанисин жеткирүү жана коомчулуктун улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымын күчөтүү болду.
Шаар тургундарына уңгужолунун мааниси, анын тарбиялык, маданий жана патриоттук багыттары боюнча кеңири маалыматтар берилди.Иш-чара суроо-жооп, талкуулар менен аяктады.




No responses yet