Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, шаар аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, эт азыктарынын бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүү, алып-сатарлыкка жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча иш-чаралар улантылууда.
Социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.
Эт саткан соода түйүндөрүнө рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эттин баасы 680–690 сомдун чегинде гана сатылышы керектиги эскертилди.




No responses yet