Биз СПИДге каршыбыз!

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 1-декабрь ВИЧ жана СПИД оорусунун көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, ооруга чалдыккандарды колдоо жана бул илдеттин алдын алуу боюнча жайылтуу максатында маанилүү күн катары белгиленип келет.
СПИД оорусун алдын алуу, ар бир жарандын ден-соолугун чыңдоо максатында Таш-Көмүр шаарында да СПИДге каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул жөө жүрүшкө мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер, медицина кызматкерлери жана мекеме-ишканалардын жетекчи, кызматкерлери катышышты.
Иш-чарага Таш-Көмүр шаардык мэриянын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Д.Садырбеков, мэриянын социалдык маселелерди жетектөөчү адиси Г.Ыманбекова, Таш-Көмүр район аралык ОАА ж МСКЭБ нүн башкы дарыгери Б.Итибаев, ден соолук чындоо кабинетинин адиси Г.Качыбекова катышты.
Г.Качыбекова өз сөзүндө СПИД оорусун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, жыл сайын 1-декабрь СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүп жатканына токтолду. СПИД оорусунун жугуу жолдорун дагы баса белгиледи. 1-жыныстык жол менен, 2-кан аркылуу, 3-энеден балага жугат.
Бекем ден- соолук, бакубат -Жашоо.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *