Бүгүн шаардык мэриянын жыйындар залында, Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 15.03.№141Токтому менен бекитилген 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31.12.№666токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жобонун 17-пункту менен буйрук чыгарылып, Октябрь айы аймактык пробация органдарында жана бөлүмдөрүндө диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча Декада бекитилген.
Декаданын алкагында Таш-Көмүр шаары боюнча пробация органы тарабынан иш чара уюштурулуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, диний ишмерлер жана укук коргоо органдарынан өкүлдөр катышты.
Диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш чаранын жүрүшүндө Пробация органынын кызматкери тарабынан каттоодо турган кардарлар жана аткарылган иштер боюнча Сапаркул кызы Майрамкан баяндама жасап, укук коргоо органдары, дин өкүлү тарабынан диний экстремизм жана терроризм боюнча жалпы түшүнүктөр берилип, учурда социалдык тармактар аркылуу тыюу салынган маалыматтарга лайк басып, маалыматты бөлүштүрүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып калып жаткандыктарына токтолуп өтүштү.


No responses yet