2025—жылдын 17-июлундагы КРнын Өкмөтүнүн №610Т тескемеси боюнча Таш-Көмүр шаарына 100млн сом акча каражаты трансфер аркылуу бөлүнгөн. Анын ичинен шаардын ички 6 көчөнү асфальттоо үчүн акча каражаты каралып, тендерге берилди. Жаштар,Аксы-Келдиш,Чыныбаев көчөлөрүн асфальтто “АксыТрансстрой” ЖЧКсы тарабына утукка ээ болду. Учурдагы көрүнүш Жаштар көчөсү. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыз абалды жараткан жолдо бүгүнкү күнү асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, асфальт жабындысынын узак мөөнөөттүү кызмат кылышын камсыздоого аракет кылган жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алып, шаар мэри К.Б.Бектемиров тиешелүү жетекчилер менен бирге жеринде барып таанышып келди.


No responses yet