Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин кесиптик күнү менен шаардын мэри Бектемиров Келсинбек Базаркулович кызуу куттуктады.

3-июль, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын” түптөлгөнө 89 жыл толгондугуна байланыштуу, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын имаратында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин кесиптик күнү менен шаардын мэри Бектемиров Келсинбек Базаркулович кызуу куттуктады. Шаардын мэри К.Бектемиров, учурдун талабына ылайык иш алып баруу керектигин жана талыкпай шаар тургундарынын, шаардын коомдук коопсуздугунун туруктуулугун камсыздоо максатында иш алып барып жатышкан ички иштер кызмакерлеринин эмгектерин баса белгилеп кетти. Куттуктоонун катарында, ээлеген кызматтарында Таш-Көмүр шаарынын социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсүнө, коомдук коопсуздуктун туруктуулугуна жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өзүнүн жогорку деңгээлдеги жарандуулугун көрсөткөн Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн укук колдонуу практикасынын тескөөчүсү, милициянын лейтенанты -Режепов Шергазы Албанбекович жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн укук колдонуу практикасынын кенже тескөөчүсу, милициянын прапорщиги -Арзыбаев Талантбек Жеңишбекович Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланышты.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *