Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Кыдырмаевич Текебаев Таш-Көмүр шаарындагы курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты.
Бүгүн, 3-февраль Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Текебаев Таш-Көмүр шаарына иш сапары менен келип, Таш-Көмүр шаардык жалпы дарыгердик практикалык борборунун аймагындагы ооруканада болду.
Ошондой эле №9 А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде жаңы салынып жаткан спорт залынын курулушу, Капиталдык көпүрөнүн абалынан кабар алды.
Иш сапарынын жыйынтыгында облус башчысы бардык курулуш объектилерин белгиленген мөөнөттө, жогорку сапатта бүтүрүү зарыл экенин өзгөчө белгиледи. Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди кечиктирбей жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

















No responses yet