Кызыл-Жар аймактык башкармалыгында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди.

2025-жылдын 2-июлу
Кызыл-Жар аймактык башкармалыгында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди.
 
2025-жылдын 2-июлунда Кызыл-Жар аймактык башкармалыгында Республикалык психиатриялык оорукананын базасында Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди.
 
Салтанаттуу иш-чарага Таш-Көмүр шаардык мэриясынан социалдык тармактар боюнча сектор башчысы Садырбеков Данияр Акылович жана мэриянын уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Романова Жанаргүл Рыскуловна,  катышып, шаардык мэриянын атынан, шаар мэри Бектемиров Келсинбек Базаркуловичтин атынан куттуктоолор жана каалоо-тилектерди билдиришти.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Тешебаева Нуржамал Таштановна жетектеген эмгек жамаатынын медицина кызматкерлери төмөнкү сыйлыктар:
•Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери” төш белгилери,
•Таш-Көмүр шаардык мэриясынын Ардак грамоталары,
•Республикалык психиатриялык оорукананын эмгек жамаатынын Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланышты.
 
Салтанатка ошондой эле Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын башчысы Жайлообеков Элтуран Жайлообекович катышты.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *