Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин жана маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бүгүн, 3-ноябрь Маданият сарайында Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин жана маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Таш-Көмүр шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Н.Боронбаев, Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги М.Добулбеков, шаардык Кеңештин «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Токтомамбетова,ички иштер органдарынын ардагерлери, мекеме-ишкана жетекчилери жана милиция кызматкерлери катышышты.
Жетекчилердин куттуктоосунда коомдук тартипти камсыз кылуудагы ички иштер органдарынын, маданият кызматкерлеринин талыкпаган эмгегине токтолуп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуудагы кызматтары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Өз милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарып келаткан кызматкерлер медаль, “Ардак грамоталар” жана “Ыраазычылык каттар”менен сыйланышты.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *