Сайттын картасы

Фото профиля

Бектемиров Келсинбек Базаркулович

Таш-Көмүр шаарынын мэри

Фото профиля

Кошокбаев Ниязалы Артыкбаевич

Мэрдин орун басары

Фото профиля

Боронбаев Нурлан Абдираимович

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ

2024-жылдын 31-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич “Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча” Мыйзамга кол койду. Бул мыйзамдын негизги максаты- Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, коррупциялык кылмыштарга карата жоопкерчиликти катаалдаштыруу болуп саналат.Мыйзамдын мазмунун жана анын ишке ашыруусун талкулоо үчүн 2025- жылдын 13- январында Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык мекеме- ишканалардын жетекчилеринин, Аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда УКМК нын Таш- Көмүр шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы тарабынан жаңы мыйзамы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын вице мэри Мырзабеков Талантбек Абдыбекович, шаардык Кеңештин төрагасы Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Тимур Маматбекович, Таш-Көмүр шаарынын прокурору Илясов Санжар Эркинбекович жана шаардык мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты.
Бул мыйзам коррупцияга каршы күрөшүүдө жаңы этапты ачып, коомдо адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту бекемдөөдө олуттуу кадам катары бааланууда.
Мекеме- ишканалардын жетекчилерине Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана тармактар боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бекиткен иш- чаралар планын кынтыксыз аткарылуусу талап кылынды жана милдеттендирилди.

Коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү, коррупцияны алдын алуу.

Бул маселелер боюнча аткарылган жана аткарылып жаткан иштер боюнча шаар мэри К.Б Бектемиров талкуу жасады.Биримдик менен иш алып баруу ар бирибиздин атуулдук милдетибиз экендигин, аткарылып жаткан иштердин өз убагында туура так жүрүшүн эскертти.
Сөз кезеги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Таш-Көмүр шаары боюнча бөлумчөсүнун башчысы Смаилов Тимур Маматбековичке берилди.Бөлүм башчы да шаар аймагында жүруп жаткан иштерге баа берип, шаар аймагын кыдырып иштерди аткаруу, жалгыз эле мэрге тиешелүү эмес ар бир жетекчи бирге жүрүп бир бүтүргөнгө,шаардын инфраструктурасын алдыга жылдырууда ар бир жетекчи өз оюн, сунуш пикирлерин, идеяларын айтуусун биргеликте чечип тиешелүү жетекчиликке жеткирип чечип биргеликте ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
Таш-Көмүр шаарынын прокурору Асакеев Эрнест Эркинбекович да шаарыбызда аткарылып жаткан иштерде коррупцияны жоюу, ар бирибиз өз ишибизде тактыкты жаратууну, туура иштеп коррупцияга жол бербөөнү эскертип өттү.

Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу

Шаардык мэриянын жыйындар залында кеңейтилген аппараттык жыйынын шаар мэри Бектемиров Келсинбек Базаркулович алып барып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы К,К.Ташиевдин иш сапарында аткарылып жаткан Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат менен тааныштырды.
Ошондой эле Коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү; Мыйзамдуулукту так сактоо боюнча, Тендердик жана каржылык иштерде ачык -айкындыкты камсыз кылуу; Кызматтык кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө;
Жарандардан жана подрядчы уюмдардан акча, белек же башка материалдык баалуулуктарды талап кылууга же кабыл алууга жол бербөө боюнча кызматкерлерге катуу эскертүү киргизүү;
Коррупциялык көрүнүштөргө шектелген фактылар аныкталса, дароо тиешелүү укук коргоо органдарына билдирүү;
Ар бир жетекчи өзүнүн жеке жоопкерчилиги астында коррупциянын алдын алуу боюнча иштерди аткарууну камсыз кылуусун.
Бул көрсөтмө үзгүлтүксүз негизде аткарылууга тийиш экендигин эскертти.

Таза шайлоо — эл ишеними үчүн!

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында алдыда боло турган шайлоону таза өткөрүү жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Жыйын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага шаар мэри К.Б.Бектемиров, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери жана аймактык башкармалыгынын башчылары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында шайлоо процессин таза жана ачык өткөрүү, коррупцияны алдын алуу үчүн добуш сатып алууга жол бербөө, мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине мыйзамсыз катышуусунун алдын алуу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча УКМКнын Таш -Көмүр шаардык бөлүмүнүн начальниги Т.М. Исмаилов билдирүү жасады.
Шаардык прокурорунун улуу жардамчысы И.Н.Абдуллаев, ИИББнын орун басары К.А.Абдиевдер да өз сөзүндө "Мыйзам менен таза шайлоого баруу ар бир жарандын ыйык милдети"- экендигин билдиришти.
Шаар мэри К.Б.Бектемиров, шайлоого даярдык иштерин өз убагында жана талапка ылайык жүргүзүүнү баса белгиледи.

Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда дагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча маалыматтар айтылууда

Таш-Көмүр шаарынын мэри К. Бектемиров, 13-март 2026-жылы Таш-Көмүр институтунун жыйындар залында «Меңдигулов аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын прокурорунун жардамчысы И.Абдуллаев жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Жолугушууда шаар мэри К.Бектемиров, шаарыбыздагы аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Негизинен канализация, суу жана жылуулук камсыздоосу ж.б.күн тартибине кирген маселелер талкууланды,ошону менен катар коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кыскача баяндама окулду. Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду түздөн-түз мэрге жана тиешелүү адистерге беришти. Көпчүлүк маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилди жана сунуштар айтылды. Сүйлөшүүлөрдө мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын капиталдык оңдоодон өткөрүү, жолдордун абалын жакшыртуу боюнча кадамдар талкууланды. Жолугушуунун аягында катышуучулардан келген негизги сунуштар жана талаптар катталган жана алар боюнча мэрия тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар жүктөлөөрү маалымдалды. Бул иш-чаранын максаты — жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуп, аларды ишке ашырууга багытталган пландарды иштеп чыгуу болуп саналат. Жолугушуу жарандардын активдүү катышуусу менен өттү жана келечекте да мындай форматтагы жыйындар улантылары айтылды.

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА АЧЫК АЙКЫНДУУЛУК – ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ!

Таш-Көмүр шаардык маданият сарайында «2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу» боюнча иш планга ылайык сот тутумундагы жана коомчулуктагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш чара өтүлдү.
Иш-чаранын башкы темасы — Сот ишмердүүлүгүн коомчулукка маалымдап туруу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо болду.
Жыйынга Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы Ө.М.Осмонов, шаар мэри К.Б.Бектемиров, шаардын прокурору Э.Асакеев, ШИИБнүн башчысы М.Добулбеков жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле шаар тургундары жана өспүрүмдөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы Ө.М.Осмонов сөз сүйлөп, кылынып жаткан иштер жана алдыдагы пландын негизги багыттарына кеңири токтолду. Анын айтымында, сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуунун эң натыйжалуу жолу — бул сот өндүрүшүн толук санариптештирүү. Адамдык факторду азайтуу максатында киргизилип жаткан автоматташтырылган системалар иштердин адилеттүү бөлүштүрүлүшүн жана чечимдердин ачык-айкындуулугун камсыз кылат.
Талкуу учурунда жарандардын мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде сот тутуму менен болгон өз ара аракеттенүүсүндөгү көйгөйлөр ортого салынды.
Жергиликтүү тургундар тарабынан соттордун чечимдеринин негиздүүлүгү жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча бир катар суроолор берилип, аларга шаардык соттун судьясы тарабынан кеңири жооптор берилди.
Жыйындын соңунда катышуучулар коррупция менен күрөшүү бир гана мамлекеттик органдардын иши эмес, ал жалпы коомчулуктун кайдыгер эместигинен көз каранды экенин белгилешти. Таш-Көмүр шаарында өткөн бул иш-чара сот системасынын ачыктыгын камсыз кылууга жана элдин сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөгө карай ташталган маанилүү кадам болду.