Санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында Таш-Көмүрдө жарандар менен жолугушуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №90 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясына ылайык, учурда өлкөдө санариптик өзгөртүүлөрдү мындан ары тереңдетүү багытында бир катар иштер аткарылууда.
Ушул максатта министрликтер аралык атайын жумушчу топ түзүлүп, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана жарандардын санариптик технологияларды максималдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган жумушчу топ 2025-жылдын 5-июлунда Таш-Көмүр шаарында жарандар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда “Түндүк” тутуму боюнча кеңири маалымат берилип, жарандардын суроолоруна жооптор берилди. Ошондой эле мамлекеттик ипотека программасы тууралуу да түшүндүрмөлөр берилди.
23-июндан тарта жумушчу топ Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул иштердин алкагында Таш-Көмүр шаары да камтылып, жарандарга санариптик кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат жеткирилүүдө.





No responses yet