Сергек жашоо жана спортту өнүктүрүү.

Президент Садыр Жапаровдун “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, Таш-Көмүр шаарынын мэринин кичи футбол кубогу өттү. Турнирге шаардагы мекеме-ишканалардан, билим берүү уюмдарынан жана жаштар командаларынан турган бир нече команда катышты. Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, командалар өз ара достук маанайда, бирок курч атаандаштык менен таймашты. Оюндардын жүрүшүндө спортчулар чеберчилигин, командалык ынтымакты жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтө алышты. Турнирдин жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командалар аныкталып, жеңүүчүлөргө шаар мэринин кубогу, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. 1-орун 6-ӨМККВ 2-орун ТКИ 3-орун Аймактык башкармалыктар. Номинацияга ээ болгондор: Мыкты дарбазачы М.Усупов ТКИ; Мыкты коргоочу Б.Нуралы уулу; Мыкты чабуулчу Ч.Буланов. Мындай спорттук иш-чаралар Таш-Көмүр шаарында мындан ары да улантылып, жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө жана массалык спортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *