Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы №413-т тескемесин ишке ашыруу максатында, «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомунун негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан социалдык контракт түзгөн жарандар каралды.
Комиссия жыйыны 2025-жылдын 2-июль күнү шаардык мэриянын жыйындар залында өткөрүлүп, социалдык контракт түзгөн жарандардын документтери жана шарттары каралып, жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
1. Социалдык контракт түзгөн жарандардын тизмеси бекитилди.
2. Тизмеге кирген 20 жарандардын ичинен 18 жаранга социалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды.
3. Социалдык контракттын шарттарынын аткарылышы жооптуу кызматкерлердин көзөмөлүндө болоору дагы бир ирет эскертилди.
Редакция.



No responses yet