Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы

Бүгүн, 2025-жылдын 4-июнунда Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы болуп өттү. Сессиянын ишине шаардык кеңештин депутаттары, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана комиссия мүчөлөрү катышты.
 
Күн тартибинде төмөнкү маанилүү маселелер каралды:
1.Кызыл-Алма аймактык башкармалыгында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан оңдолуп жаткан көп кабаттуу турак жайларга кошумча жер тилкесин бөлүп берүү боюнча шаардык мэриянын кайрылуусу.
2.Таш-Көмүр шаарынын суу коргоо зонасын калктуу конуштар чегинде кыскартуу тууралуу сунуш.
3.Шаардагы бала бакчалардын, мектептердин жана жогорку окуу жайлардын жайгашкан жерлеринин жана имараттарынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгы.
4.Оорукананын, төрөт үйүнүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, амбулаториянын жана ТКРОААжМСЭКБ мекемелериндеги саркынды суу тутукчалары менен септиктердин абалын текшерүү боюнча комиссиянын жыйынтыгы.
 
Сессиянын жүрүшүндө аталган маселелер кеңири талкууланып, тиешелүү комиссиялардын баяндамалары слайд-презентациялар аркылуу көрсөтүлдү. Айрыкча шаардык оорукана боюнча элден түшкөн сунуш-пикирлер да эске алынып, жыл аягына чейин чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөр белгиленди.
 
Ошондой эле гепатит оорусунун жайылуу коркунучу жана төрөт үйлөрүндөгү санитардык шарттар боюнча да маселелер каралып, бул багытта тез арада чара көрүү зарылдыгы баса белгиленди.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *