Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы

26-сентябрь 2025-жылы Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы болуп өттү. Сессиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Таш-Көмүр шаарынын аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө.
/Докладчы: «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссия/
2. Таш-Көмүр шаарына караштуу Шын-Сай айылынын тургундарынын 17.09.2025-жылдагы «Таш-Көмүр шаардык Советинин депутаттарынын аткаруу комитетинин 1987-жылдын 27-майындагы №114 токтомун жокко чыгаруу боюнча доо арызды колдоо тууралуу» кайрылуу каты жөнүндө.
/Докладчы: «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссия/
3. Шаардык мэриянын 22.09.2025-жылдагы «Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» №01-21/3294 кайрылуу каты жөнүндө.
/Докладчы: «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссия/
4. Шаардык мэриянын 22.09.2025-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын Ш.Сыдыков көчөсүндө жайгашкан М.Ирсалиев атындагы эс алуу багынын аймагынан китепканага тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү тууралуу» №01-21/3294 кайрылуу каты жөнүндө.
/Докладчы: «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссия/
Күн тартибиндеги маселелер каралып токтомдор кабыл алынды.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *