Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында аткаруу комитетинин коллегиясы

2026-жылдын 20-январь күнү Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында аткаруу комитетинин коллегиясы болуп өттү. Коллегияны Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б.Бектемиров жетектеди.
Жыйынга депутаттар кеңешинин төрагасы С.Т.Кудайбердиев, шаар мэринин убактылуу орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Боронбаев, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, башкы эсепчилери катышты.
Коллегияда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаарынын, Ош , Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Таш-Көмүр шаарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына, бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланышына жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгын шаардык мэриянын бөлүм башчысы Д.А.Садырбеков тааныштырды.
Тиешелүү сунуштар айтылып,токтом кабыл алынды. Коллегиянын соңунда тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *