2025-жылдын 6-июнунда Курман айт намазы окулду. Курман айт намазынын алдында Таш-Көмүр шаарынын мэри К. Бектемиров катышып, элди бул ыйык күн менен куттуктады. Мэр өзүнүн кайрылуусунда элдин биримдигин, тынчтыкты жана жаратмандыкты тилеп, ар бир үй-бүлөгө береке каалады.
Намаздан кийин майрамдык иш-чаралар шаар аймагында уланды. Курман айтка карата «ДОЦ» – Балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда спорттук жана маданий оюн-зооктор уюштурулду. Программага ылайык, шахмат, стол тенниси, волейбол, аркан тартыш, жаа атуу, кол күрөш, кросс жана кыргыз күрөшү сыяктуу улуттук жана заманбап спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Ошондой эле борбордук эс алуу багында аялдар жана балдар үчүн көңүл ачуучу оюндар уюштурулуп, балдар үчүн атайын майрамдык белектер тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир мелдештин жеңүүчүлөрүнө грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. Эл үчүн майрамдык аш да тартылып, шаардын тургундары жана коноктору майрамдык маанайда көңүл ачышты.
Бул иш-чаралар элдин ынтымагын чыңдоого, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана жаш муунга руханий тарбия берүүгө багытталды. Курман айт күнү Таш-Көмүр шаарында достук жана береке маанайында өтүп, көпчүлүктүн жүрөгүндө жакшы таасир калтырды.

























No responses yet