Таш‑Көмүр шаарынын мэри К.Б. Бектемиров №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектепке барып, жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча баштала турган фасадды жаңылоо иштери менен жеринен таанышып чыкты.
Мектеп жетекчилиги тарабынан маалымдалгандай, имараттын сырткы фасадына капиталдык оңдоо жүргүзүү пландалууда. Бүгүнкү күндө бул иштерге керектелүүчү курулуш материалдары мектепке жеткирилип, жакын арада оңдоо иштери башталат.
Мэр К.Б. Бектемиров мектеп жамааты менен сүйлөшүп, иштин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле билим берүү мекемелеринин шартын жакшыртуу жаш муундардын татыктуу билим алуусуна түздөн-түз таасир берерин белгилеп өттү.
Бул сапар шаар жетекчилигинин билим берүү тармагына көңүл буруп жатканынын дагы бир далили болду.
No responses yet