2025-жылдын 28-май күнү Таш-Көмүр шаардык маданият сарайында өзгөчө жылуулук жана аруу сезимдерге чулганган майрамдык иш-чара өттү. “Эне — жашоонун жарыгы” деген аталыш менен уюштурулган бул салтанат шаардык Аялдар кеңешинин демилгеси менен өткөрүлүп, энелерге болгон терең урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын символуна айланды.
Майрамдык иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри Келсинбек Бектемиров, шаардык кеңештин төрагасы Сагынбек Кудайбердиев, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Жанышбек Багышбеков, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, урматтуу коноктор жана ак элечек кийген ардактуу энелер катышты.
Салтанаттуу бөлүктө куттуктоо сөздөр айтылып, шаардын жетекчилери энелерге болгон терең ыраазычылыгын билдиришти. Өзгөчө белгилеп өтчү жагдай — шаардык Аялдар кеңешинин төрайымы Умбеталиева Кадича өз сөзүндө энелердин коомдогу орду жана алардын талыкпаган мээнети тууралуу жүрөк жылыткан ойлор менен бөлүшүп, энелерге каалоо-тилектерин арнады.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды. Энелерге арналган видеотасмалар көрсөтүлүп, ыр-күүлөр жаңырып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды. Залда отурган бардык аялзатына ак жоолуктар тартууланып, роза гүлдөрү белекке берилди — бул учур энелердин жүрөгүн жылыткан, көздөрүнө жаш айланткан өзгөчө мүнөттөр болду.
Иш-чаранын дагы бир көркүн ачкан бөлүгү — этностилдеги улуттук кийимдердин көргөзмөсү болду. Катышуучулар кыргыз элинин бай маданиятына, улуттук наркына жана кооз кийимдерине суктанып, чоң таасир алышты.
Мындан сырткары, коомго кошкон чоң салымы үчүн бир топ энелерге төш белгилер ыйгарылып, коомдук деңгээлде урмат-сый көрсөтүлдү. Бул сыйлык энелердин коомдогу ордун таануу менен алардын эмгегин баалоонун ачык мисалы болду.
“Эне — жашоонун жарыгы” аттуу бул майрамдык иш-чара Таш-Көмүр элине зор таасир калтырып, энелерге болгон ыраазычылыктын ачык көрүнүшү катары жүрөктөрдө сакталып калат.