3–5-октябрь күндөрү Таш-Көмүр шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан СССРдин эркин күрөш боюнча спорт чебери Б. Жуманазаровдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чара кичи райондогу Балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун спорт залында болуп өттү.
Салтанаттуу ачылышты Таш-Көмүр шаарынын мэри К. Бектемиров ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Бул ирет мелдешке жалпысынан 639 спортчу катышып, алар Орусия, Казакстан, Өзбекстан республикаларынан жана Кыргызстандын жети облусунан келишти. Спорттук иш-чара жаш спортчуларга тажрыйба алмашууга, эл аралык деңгээлде атаандашууга жана өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты.
Мелдештин жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен балбандар ар түрдүү даражадагы дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.


No responses yet