10.06.2025

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен Таш-Көмүр шаарынын мэринин куттуктоосу

0

Урматтуу Таш-Көмүр шаарынын тургундары, кымбаттуу балдар! Сиздерди 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул майрам — биздин баардыгыбыз үчүн өзгөчө күн. Ар бир баланын бактылуу балалыгы, жаркын келечеги жана коопсуз жашоосу — биздин башкы милдетибиз жана жоопкерчилигибиз. Анткени балдар — бул биздин бүгүнкү кубанычыбыз, эртеңки келечегибиз! Кымбаттуу ата-энелер, мугалимдер жана мекеме-уюмдар! Балдарыбызга мээрим, тарбия жана билим берүү — бул келечекке болгон эң чоң инвестиция. Келгиле, биргелешип Таш-Көмүр шаарын балдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана бактылуу шаарга айланталы! Ал эми сиздерге, азиз бөбөктөр, ден соолук, ийгилик, шаттык жана мээрим каалайм. Ар дайым күлүп-жайнап жүрө бергиле! Ар бириңердин кыялдарыңар орундалып, келечеги кең болсун! Майрамыңар менен! Урматтоо менен, Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б. Бектемиров

About The Author

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *