Бүгүн, 17-ноябрь күнү тиешелүү жетекчилерди баштаган Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б.Бектемиров, Меңдигулов аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри 2025-жылы социалдык багыттагы санариптештирүү, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, мыйзамсыз менчиктештирилген имараттар мамлекетке өткөндүгү тууралуу, аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде толукталып, жергиликтүү тургундар аймактагы таза суу, саркынды суу, жылуулук, тазалык жана коопсуздук маселелерине байланыштуу көйгөйлөрүн айтышты.
К.Б.Бектемиров, тургундар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, сунуштарды кабыл алды. Ошондой эле быйылкы жылы шаарыбыздагы өзгөрүүлөрдү баса белгиледи.
Жыйынга катышкан жетекчилерге тиешелүү айтылган маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.







No responses yet