Таш-Көмүр шаардык мэриясынын «Жалпы билим берүүчү мектептердин 2025-2026-окуу жылына карата даярдыктарынын абалын кароо жөнүндө» 21.07.2025-жылдагы N 250-б сандуу буйругунун негизинде, шаар мэри К.Бектемиров, комиссиянын төрайымы шаардык мэриянын социалдык маселелери боюнча сектор башчысы Ж Р.Раманова, комиссиянын төрайымынын орун басары ШБББнүн башчысы Г. А Эргешова. Мүчөлөрү: шаардык ОАА ж МСЭКБнун башкы дарыгери Б.Итибаев, шаардык РЭТ ишканасынын жетекчиси Т.С Нишанов, ММД директору У.А Керимкулов, шаардык ӨКБнын башчысы К.Алымбаев 24-июль күнү 2025-2026-окуу жылына карата шаардын аймагындагы мектептердин утурумдук ремонту бүткөндүгүнө байланыштуу кабыл алуу максатында, ремонттоо иштерин текшерип чыгышты. Текшерүү учурунда бардык мектептерде оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгү айкындалды. Комиссиянын мүчөлөрү оңдоо иштеринин сапатына, мектеп аймагынын санитариялык-гигиеналык абалына, ашканалардын санитариялык абалына, жылытуу системасынын кышкы даярдыгына, мектеп айланасынын көрктөндүрүлүүсүнө, өрт коопсуздугунун сакталышына көңүл бөлүштү.

No responses yet