2026-жылдын 27-январында Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын отуруму өттү.
Күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1.Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.
2. Таш-Көмүр шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы жана 2026-жылга карата аткарууга коюлган милдеттери.
Таш-Көмүр шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.А.Боронбаев доклад жасады.
Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси А.А.Акбаралиев, Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б.Бектемиров, ишкана, мекемелердин жетекчилери катышышты.
Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде Таш-Көмүр шаарында аткарылган иш-аракеттер жөнүндө кеңири маалыматтар угулуп, талкууланды.
А.А.Акбаралиев өз сөзүндө Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга умтулган туруктуу демилгелерди улантууну баса белгиледи.
Жыйынтыгында шаар мэри К.Б.Бектемиров тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.











No responses yet