2026-жылга карата коомдук бюджеттик угуу.

Таш-Көмүр шаардык Маданият сарайында бүгүн, 26- январда 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жана 2027–2028-жылдарга карата план боюнча коомдук бюджеттик угуу өттү.
Коомдук бюджеттик угуу шаардын мэри К.Бектемировдун төрагалыгы алдында, жергиликтүү депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Сыдыкбеков жана шаардын мекеме ишканалардын жетекчилеринин, жарандык коомдун катышуусунда өткөрүлдү.
Коомдук угуунун жүрүшүндө шаар мэри К.Бектемиров, негизги шаардын экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча божомолдорун сунуштап, 2026- жылга карата аткарылуучу иш пландар менен тааныштырды.
Талкуунун жүрүшүндө негизинен шаарды инфраструктуралык, социалдык өнүктүрүү долбоору жана ички жолдорду ондоп түзөө маселелери каралды. Бул маселелер катышуучулар арасында активдүү талкуу жаратып, айтылган ар бир сунуш протоколго түшүрүлдү.
Жыйынтыгында шаар мэри К.Бектемиров катышуучулардын эскертүүлөрү жана сунуштары эске алынарын белгилеп, долбоорду кайра кароо тапшырмасы берилди.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *