25-ноябрь күнү Таш-Көмүр шаардык мэриянын жыйындар залында 2025-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Коллегиянын ишине шаар мэри К.Б.Бектемиров, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгү куттуктоо сөздөрү менен башталып, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошуп жаткан алдыңкы ишкерлерди медаль, ардак грамота, ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Таш-Көмүр шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы жөнүндө.
Докладчы: Таш-Көмүр Шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.А.Боронбаев.
2. 2025-2026-жылдарга күз, кыш мезгилине даярдыктарды көрүүнүн абалы жөнүндө .
Докладчы: Таш-Көмүр шаардык мэриянын транспорт, энергетика жана жер, турак жай коммуналдык чарба боюнча башкы адиси М.А.Акбаралиев.
Ар кандай маселер каралып. Жетекчилерге сунуш, тапшырмалар берилди.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *