31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата.

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата Таш-Көмүр шаарынын маданият сарайынын алдында салтанаттуу майрамдык иш чара уюштурулуп, атайын боз үйлөр тигилип көрсөтмөлөр менен кооздолуп, жаңырган кыргыз ырлары, борбордук сейил бактын алдында жарманкелер менен коштолду.
Майрамдык иш чаранын жүрүшү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен ачылды. Маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Шаар мэри К.Б.Бектемиров, Шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С.Т.Кудайбердиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Алгылыктуу алып барып жаткан иштери үчүн Шаардык мэриянын Ардак грамоталары менен муниципалдык департаменти ишканасынын, жумушчулары сыйланышты.
Мындан сырткары «Насаатчы» эл аралык коомдук фонду тарабынан «Кыргызымдын мыкты жигити» медалы менен Топчубек у. Кылычбек, «Асылзат Нуру»коомдук фонду тарабынан «Ардактуу асыл апа» медалы менен Абдишева Мунаргул Орозалиевна сыйланышты.
Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттук мелдештер, улуттук күрөш, шахмат, аркан тартыш, кичи футбол боюнча оюндар уюштурулган. Меңдигулов аймагындагы Балдардын ден-соолук чыңдоо борборунда өткөрүлдү.
Кичи футбол боюнча: 1-орун.»Түндүк», 2-орун «Кристалл», 3-орун 1999-жылдын мыкты мырзалары.
Аркан тартышта: 1-орун 1988-жылдын, 2-орунга 1996-жылдын, 3-орунга ШИИБнүн мыктылары.
Шахмат оюнунда: 3-орун А.Омуркулов, 2-орун А.Шайбеков,1-орун Т.Романов орундарга ээ болушуп, шаар мэринин орун басары Н.А. Кошокбаев куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *