Бүгүн, 2025-жылдын 2-октябрында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 15-сентябрындагы “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” №187-б буйругун аткаруу максатында, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы №327-б “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата бир айлык иш-чараларды шаар аймагында өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде бир күндүк иш-чара өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарындагы Маданият сарайында шарттуу түрдө өрт кырсыгы уюштурулуп, куткаруу командалары тарабынан имаратта калып кеткен жарандарды куткаруу жана өрттү өчүрүү аракеттери практикалык түрдө көрсөтүлдү.
Аталган иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри, Таш-Көмүр шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2-өзүнчө издөө-куткаруу бөлүгү, ӨКМнин 6-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамы жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтары катышты


No responses yet