Таза шайлоо — эл ишеними үчүн!

Бүгүн, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында алдыда боло турган шайлоону таза өткөрүү жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Жыйын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага шаар мэри К.Б.Бектемиров, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери жана аймактык башкармалыгынын башчылары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында шайлоо процессин таза жана ачык өткөрүү, коррупцияны алдын алуу үчүн добуш сатып алууга жол бербөө, мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине мыйзамсыз катышуусунун алдын алуу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча УКМКнын Таш -Көмүр шаардык бөлүмүнүн начальниги Т.М. Исмаилов билдирүү жасады.
Шаардык прокурорунун улуу жардамчысы И.Н.Абдуллаев, ИИББнын орун басары К.А.Абдиевдер да өз сөзүндө «Мыйзам менен таза шайлоого баруу ар бир жарандын ыйык милдети»- экендигин билдиришти.
Шаар мэри К.Б.Бектемиров, шайлоого даярдык иштерин өз убагында жана талапка ылайык жүргүзүүнү баса белгиледи.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *