2025—жылдын 17-июлундагы КРнын Өкмөтүнүн №610Т тескемеси боюнча Таш-Көмүр шаарына 100млн сом акча каражаты трансфер аркылуу бөлүнгөн. Азыркы учурда Глинка көчөсүндө 306м жол асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле шаарыбыздын бир нече жолдору асфальтталып оңдолуп келген.
Курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, асфальт жабындысынын узак мөөнөөттүү кызмат кылышын камсыздоого аракет кылган жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алып, шаар мэри К.Б.Бектемиров тиешелүү жетекчилер менен бирге жеринде барып таанышып келди.


No responses yet