Таш-Көмүр шаарынын калкына сапаттуу кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында жаңы автоунаалардын ачкычтарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаев тапшырды. Бул унаалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын грантынын, ошондой эле КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-июлундагы №610-Т тескемеси боюнча бөлүнгөн 100 млн сомдук трансфердин эсебинен, ошондой эле «Жылуулук» ишканасынын унаасы өз каражаттар эсебинен алынды. Төмөнкү мекемелер жаңы техникаларга ээ болушту:
1.Муниципалдык менчик департаменти – манипулятор
2. “Шахтёр” спорттук комплекси – Mercedes-Benz Sprinter
3. Жылуулук ишканасы – манипулятор
4 Кызыл-Алма аймактык башкармалыгы – “Желмаян”
5 Суу чарба башкармалыгы – пикап, атайын техникалык унаалар, манипулятор, суу ташуучу унаа, экскаватор
Бул техника шаардагы күнүмдүк иштерди жеңилдетип, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет. Кыргыз Республикасынын Жалал -Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин иш сапары уланып, шаар мэри К.Б.Бектемиров тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Түндүк аймактык башкармалыгындагы жол асфальттарынын иш үстүнөн таанышып чыкты. Таш-Көмүр шаарынын кени болуп эсептелинген көмүрдү кайра байытуучу заводунда учурда жүрүп жаткан байкоо иштеринин жүрүшү, Соло Энергия ЖЧКнын күндөн кубат алуучу электр станциясы менен таанышып, иштин жүрүшүн алдыга жылдыруу жолдоруна ой бөлүштү, тапшырмалар берилди.








No responses yet