29-декабрь күнү жаңы жыл майрамына карата коопсуздукту алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Таш-Көмүр шаарындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Жаңы жылдык балаты майрамдары учурунда коомдук тартипти, балдардын жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б. Бектемиров өз сөзүндө жетекчилерге кайрылып, майрам күндөрү өзгөчө жоопкерчилик талап кылынарын белгилеп, коомдук коопсуздукту сактоо үчүн атайын график менен нөөмөт уюштуруунун зарылдыгын баса көрсөттү. Бул алдын алуу иш-чарасы жаңы 2026-жылдык майрамдык иш-чараларды коопсуз жана тартиптүү шартта өткөрүү максатында уюштурулду.








No responses yet