Жыйындын биринчи бөлүгүндө 2025-жылдын жыйынтыгы менен спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин 2024-жылдын 21-февралындагы XXX чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын №12 токтомунун жана Республикалык олимпиадада (жаштар олимпиадасы), Азия оюндарына (имарат ичинде), Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 17-декабрындагы отурумунун №1-протоколунун негизинде 2025-жылдын 22.12 №417б Таш -Көмүр шаардык мэриянын буйругу менен Республикалык, Азиялык жана Дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон төмөнкү спортчулар жана алардын машыктыруучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты: 1. Болгария мамлекетинин Албена шаарында өткөн 46-Армрестлинг боюнча дүйнө биринчилигинде алтын медаль алган: спортчу Абжалбеков Байтур – 80 000 сом; машыктыруучу Эсенгелдиев Каныбек Ундалиевич – 40 000 сом. 2. Индия мамлекетинин Дели шаарында өткөн 23-Армрестлинг боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль алган: спортчу Абжалбеков Байтур – 45 000 сом; машыктыруучу Эсенгелдиев Каныбек Ундалиевич – 20 000 сом. 3. Малайзия мамлекетинин Ланкави аралында аркан тартыш боюнча өткөн 15-Азия чемпионатында Кыргыз Республикасынын курам командасы, тактап айтканда Таш-Көмүр шаарынын курам командасы 2-орунду ээлеген: командалар «Армспорт» командасына – 30 000 сом; машыктыруучу Эсенгелдиев Каныбек Ундалиевич – 15 000 сом. 4. Кыргыз Республикасынын жаш уландар арасында бокс боюнча биринчилигинде алтын медаль алган: спортчу Анарбеков Элзарга – 40 000 сом; машыктыруучу Романов Нурланбек Кочкоровичке – 20 000 сом. 5. Кыргыз Республикасынын 2008–2009-жылдары туулган кыздар арасында «Алыш» бел боо күрөш боюнча биринчилигинде күмүш медаль алган: спортчу Мамбетова Перизатка – 30 000 сом; машыктыруучу Жабдыков Касымалы Токтоматовичке – 15 000 сом. 6. Кыргыз Республикасынын U15 жаш өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча биринчилигинде коло медаль алган: спортчу Нурмаматов Мирланга – 20 000 сом. машыктыруучу Алымкулов Калыбек Жакшибековичке – 10 000 сом. 7. Кыргыз Республикасынын U15 жаш өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча биринчилигинде коло медаль алган: спортчу Нурмаматов Эрланбекке – 20 000 сом; машыктыруучу Алымкулов Калыбек Жакшибековичке – 10 000 сом. 8. Кыргыз Республикасынын 16 жашка чейинки кыздар командалары арасында футбол боюнча биринчилигинде үчүнчү орунду багындырган: спортчулар «Үмүт» кыздар командасына – 20 000 сом; машыктыруучу Абдуллаев Тохиржон Ташпулатовичке – 10 000 сом. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз спортуна 100 жыл» юбилейлик медалы менен машыктыруучулар сыйланышты. Мындан сырткары №6 Т.Үмөталиев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу КР президенти С.Н.Жапаровко жаңы жылдык куттуктоо катын жөнөткөн. Каттын жообуна президент алдыда дагы чоң жетишкендиктерге жетишине тилектештигин билдирип учурдун талабына ылайык телефон аппаратын белек кылды . Жогоруда көрсөтүлгөн сертификаттарды жана президенттин белегин шаар мэри К.Б.Бектемиров тапшырды. Белектерди тапшыруу менен бирге келе жаткан жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалады. Жыйындын экинчи бөлүгү жыл жыйынтыкталып, шаардын ар кайсы тарабынан аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, алгылыктуу аракеттер бардык мекеме ишканалардын аракеттерине шаар мэри К.Б.Бектемиров ыраазычылык билдирип, шаардык мэриянын жана шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы С.Т.Кудайбердиевдин ыраазычылык катын тапшырды. Мекеме ишканалардын жетекчилеринин атынан жетекчилер өз куттуктоолору менен шаардык мэрияга жана шаардык кеңешке ыраазычылык билдиришти.




















No responses yet