Таш-Көмүр шаарында цемент заводунун курулушу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Юг Евро Цемент” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана компаниянын жетекчилиги катышты.

Инвестициялык долбоордун алкагында Таш-Көмүр шаарында буга чейин башталган цемент заводунун курулушун толук аяктап, ишке берүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 50 млн АКШ долларынан ашат. Завод пайдаланууга берилгенден кийин 250гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.

Облус башчысы өз сөзүндө долбоор Таш-Көмүр шаарынын жана жалпы облус аймагынын өнөр жай потенциалын арттырууда маанилүү кадам экенин белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү жамааттын социалдык демилгелерин колдоо, бул багыттагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу керектигин кошумчалады.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *