«Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу.

«Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ N369 Жарлыгы боюнча Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында форум болуп өттү.

    Иш -чарага Таш-Көмүр шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Боронбаев, ИТЭИнин ректору Т.Барпыбаев, Таш-Көмүр аймактык колледжинин директору К.Дүйшенов, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Эргешова, N111 кесиптик лицейдин директору Ж.Чарыков, маданият бөлүмүнүн жетекчисинин у.м.а. А.Назаров жана шаар тургундары катышты.

Форум Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.

Форумду салтанаттуу ачылышы менен шаар мэринин орун басарынын у.м.а. Н.Боронбаев, аксакалдар кеңешинин төрагасы Ж.Багышбеков, ИТЭИнин ректору Т.Барпыбаев куттукташты.

Форумда пленардык баяндамалар окулуп жана талкууланды.

Келген конокторго концертик программа тартууланды.

Уңгу жолдун негизги максаты — мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу.

Иш чараны Таш-Көмүр шаардык мэриясы, Инновациялык технологиялар жана энергетика институту тарабынан уюштурулду.

About The Author

TAGS

No responses yet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *