Жыйынды кадрдык өзгөрүү болгонун айтып, шаардык салык кызматынын башчысы У.Камчибековду тааныштыруу менен шаар мэри К.Б. Бектемиров алып барды.
Негизги маселелер:
1. «Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалды жакшыртуу» боюнча Таш -Көмүр шаардык мэриясынын 10.03.2026-жылдагы №60-буйрук тааныштырылды.
– Архитектуралык талаптарга ылайык шаар аймагын жашылдандыруу, тазалыкты чыңдоо боюнча иш-план талкууланды.
Атайын түзүлгөн топографиялык карта менен жерлер мекеме ишканаларга бектилип берилди.
2. «Нооруз-2026» майрамын уюштуруп өткөрүү жөнүндө
Таш Көмүр шаардык мэриясынын 11.03.2026-жылдагы №65-б буйругу боюнча уюштуруу комитети жана анын мүчөлөрү тааныштырылды.
– Майрамды өткөрүү графиги, маданий программалар, коопсуздук жана тазалык чаралары боюнча пландар каралды.
Жыйынтыгында эки буйрукту ишке ашыруу үчүн конкреттүү иш-пландар кабыл алынып, жооптуу бөлүмдөргө тапшырмалар бөлүштүрүлдү. Шаар мэриясы жашыл, таза жана майрамдык маанайдагы Таш-Көмүрдү камсыз кылууну көздөйт.





No responses yet