Таш-Көмүр шаарында 2002-жылдагы Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүүгө жана анын тарыхый маанисин даңазалоого багытталган иш-чара өттү. Иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б. Бектемиров, шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С.Т. Кудайбердиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. №3- Т.Молдо атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими тарабынан аннотация окулду. Шаар мэри К.Б. Бектемиров өз сөзүндө Аксы окуясы кыргыз элинин эркиндикке болгон умтулуусунун жана демократиялык жолдун башталышы болгонун белгиледи. «Бул күн — биздин тарыхыбыздагы эң орчундуу жана сабак боло турган учур. Элдин эрки ар кандай адилетсиздиктен жогору турарын Аксы окуясы далилдеди», — деп билдирди мэр. Ал эми шаардык Кеңештин төрагасы С.Т. Кудайбердиев тарыхый чындыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, төмөнкүлөрдү айтты: «Аксы окуясы — бул жөн гана тарыхый дата эмес, бул элдин үнү бийликке жеткен күн. Биздин милдет — ошол күндөрү чындык үчүн жанын берген мекендештерибиздин эрдигин унутпоо жана келечек муунга бул окуянын сабактарын туура жеткирүү. Өлкөнүн бүтүндүгү жана өнүгүүсү үчүн элдин биримдиги эң башкы баалуулук бойдон калышы керек». Иш-чаранын алкагында Аксы окуясынын катышуучуларына сый-урмат көрсөтүлүп, адилетсиздикке каршы туруп курман болгон баатырлардын элесине багышталып шаар имамы Мансуров Мурат ажы тарабынан куран түшүрүлдү . Бул эскерүү кечеси элдин эркиндигин жана биримдигин дагы бир жолу даңазалап, тарыхтын ачуу сабактарын унутпоого чакырды.






No responses yet