Таш-Көмүр шаардык маданият сарайында «2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу» боюнча иш планга ылайык сот тутумундагы жана коомчулуктагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш чара өтүлдү.
Иш-чаранын башкы темасы — Сот ишмердүүлүгүн коомчулукка маалымдап туруу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо болду.
Жыйынга Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы Ө.М.Осмонов, шаар мэри К.Б.Бектемиров, шаардын прокурору Э.Асакеев, ШИИБнүн башчысы М.Добулбеков жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле шаар тургундары жана өспүрүмдөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы Ө.М.Осмонов сөз сүйлөп, кылынып жаткан иштер жана алдыдагы пландын негизги багыттарына кеңири токтолду. Анын айтымында, сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуунун эң натыйжалуу жолу — бул сот өндүрүшүн толук санариптештирүү. Адамдык факторду азайтуу максатында киргизилип жаткан автоматташтырылган системалар иштердин адилеттүү бөлүштүрүлүшүн жана чечимдердин ачык-айкындуулугун камсыз кылат.
Талкуу учурунда жарандардын мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде сот тутуму менен болгон өз ара аракеттенүүсүндөгү көйгөйлөр ортого салынды.
Жергиликтүү тургундар тарабынан соттордун чечимдеринин негиздүүлүгү жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча бир катар суроолор берилип, аларга шаардык соттун судьясы тарабынан кеңири жооптор берилди.
Жыйындын соңунда катышуучулар коррупция менен күрөшүү бир гана мамлекеттик органдардын иши эмес, ал жалпы коомчулуктун кайдыгер эместигинен көз каранды экенин белгилешти. Таш-Көмүр шаарында өткөн бул иш-чара сот системасынын ачыктыгын камсыз кылууга жана элдин сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөгө карай ташталган маанилүү кадам болду.




No responses yet