Бүгүн, 26-мартта, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Райимберди Дүйшенбиев тургундар менен жолугушту.
Иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Б. Бектемиров, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С.Т. Кудайбердиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.
Жолугушуунун алкагында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Таза суу , бала бакча, ички жолдорду оңдоо ж.б. маселелер.
Мэр К.Б. Бектемиров жана төрага С.Т. Кудайбердиев шаардагы чечүүнү талап кылган орчундуу көйгөйлөргө токтолуп, аларды мамлекеттик деңгээлде чечүүдө депутаттык колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Өз кезегинде депутат Райимберди Дүйшенбиев көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынарын жана Жогорку Кеңештин алкагында тийиштүү министрликтер менен биргеликте иш алып бара турганын убада кылды. Ал ошондой эле аймактарды өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгилеп, жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, катышуучулар өз сунуштарын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.








No responses yet