Таш-Көмүр шаарында 7-апрель- Элдик революциянын курмандыктары эскерилди.
Эскерүү иш-чарада апрель окуясында курман болгондорго багыштап куран түшүрүлдү. Токтогул атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых мугалими Исабекова Айгүл “Апрель революциясы: себептери, хроникасы жана натыйжасы” темасында аннотация окуду. Шаардык борбордук китепкана тармагы тарабынан сүрөт көргөзмөсү коюлду.
Эскерүү иш-чарасына Таш-Көмүр шаардык мэринин орун басары Мырзабеков Талант Абдыбекович жана шаардык мекеме- ишканалардын жетекчи, кыматкерлери катышты. Мэрдин орун басары Мырзабеков Т. А. эскерүү сөзүн сүйлөп, апрель окуясынын курмандыктары эч качан унутулбай тургандыгын белгилеп, жалпы кыргыз элибизге тынчтык, ынтымак, ден соолук каалап өттү.