16.05.2024

Шаарыбызда массалык көчөт отургузуу иш- чарасы уюштурулду

0
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында, бүгүн 6- апрель күнү Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгында массалык көчөт отургузуу иш- чарасы уюштурулду.
Иш- чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри К.Бектемиров, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышып, 2 га жерге 700 түп дарак көчөттөрү тигилди.
Шаар мэри бак- дарактардын көчөттөрүн тигүү экологиялык туруктуулукту сактоо жана айлана – чөйрөнү жашылдандырууга түрткү болоорун айтып, көчөт отургузууга катышкан жалпыга ыраазычылыгын билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө тигилген көчөттөрдүн өсүүсүн көзөмөлдөөнү аймактык башкармалыктын башчысы У. Исабековго тапшырды.
Андан соң шаар мэри К.Бектемировдун аймактык башкармалыктарынын тургундары менен жолугушуу максатында бекитилген графигинин негизинде, Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Жыйында шаар мэри К.Бектемиров жыл ичинде аткарылган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүшүп, маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө тургундар тарабынан берилген ар кандай маселелер туурасында суроолор келип, шаар мэри жана мекеме- ишканалардын жетекчилери жооп беришти.
Белгилей кетсек, шаар мэри К.Бектемиров эл менен болгон жолугушууларды байма- бай өткөрүп келет. Бул иш- аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.

About The Author

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген