2025-жылдын 28-май күнү Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жыйындар залында аткаруу комитетинин коллегиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйынды Таш-Көмүр шаарынын мэри Келсинбек Бектемиров жетектеп, анда шаардагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана жарандардын кайрылууларын кароо багытындагы маселелер талкууланды.
Жыйынга шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары, өнөр жай ишканалары менен социалдык тармактардын өкүлдөрү, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын башында шаар мэри жакында эле жаңы кызматтарга дайындалган жетекчилерди жамаатка тааныштырды. Алардын катарында:
•Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалынын директору Жылдыз Зарлыкова,
•Тынчтык аймактык башкармалыгынын башчысы Амантур Максадбеков да бар.
Жыйын алкагында бир катар кызматкерлерге урмат-сый көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнө 33 жыл толгондугуна байланыштуу, ошондой эле Таш-Көмүр шаардык аскер комиссариатынын өз милдетин так жана ак ниеттүү аткарган кызматкерлери:
•Султанова Нурьякан жана
•Баястанов Жаныбек
шаар мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Мындан тышкары, 7-май — байланыш кызматкерлеринин күнү жана 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата “Кыргыз почтасы” ААКнын Таш-Көмүр шаардык филиалынын ОС-4 бөлүмүнүн башчысы Дозалиева Зууракан “Мээримдүүлүк медалы” менен сыйланды. Бул сыйлык ага Ооган согушунун ардагерлери тарабынан ыйгарылды.
Жыйындын күн тартибинде эки негизги маселе каралды:
1️⃣ Таш-Көмүр шаарынын 2025-жылдын I кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү
Бул багытта мэрдин орун басары Талант Абдыбекович Мырзабеков доклад жасап, шаардын өнүгүү көрсөткүчтөрүн жана негизги ийгиликтерди баяндап берди. Ал өндүрүш, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, айрым көйгөйлөрдү да баса белгилеп, аларды чечүү жолдору боюнча сунуштарын айтты.
2️⃣ Жарандардын кайрылууларын кароо жана аткарылышы
Экинчи маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Президенттин тапшырмаларынын алкагында жарандардын кайрылууларын кароо тартибине арналды. Бул боюнча мэриянын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Айтолкун Качкынова доклад жасады. Ал өз сөзүндө берилген тапшырмалардын жана жарандардын арыз-даттанууларынын аткарылышын камсыз кылууда шаардык мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.
Коллегия жыйыны шаардын мындан аркы өнүгүүсү үчүн маанилүү багыттарды аныктап, жетекчилердин жана коомчулуктун алдына жоопкерчиликти тактап берди. Бул жыйын — жергиликтүү бийликтин жарандарга ачык-айкын жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө умтулуп жаткандыгын тастыктады.