Урматтуу Таш-Көмүр шаарынын тургундары, кымбаттуу балдар!
Сиздерди 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул майрам — биздин баардыгыбыз үчүн өзгөчө күн. Ар бир баланын бактылуу балалыгы, жаркын келечеги жана коопсуз жашоосу — биздин башкы милдетибиз жана жоопкерчилигибиз. Анткени балдар — бул биздин бүгүнкү кубанычыбыз, эртеңки келечегибиз!
Кымбаттуу ата-энелер, мугалимдер жана мекеме-уюмдар! Балдарыбызга мээрим, тарбия жана билим берүү — бул келечекке болгон эң чоң инвестиция. Келгиле, биргелешип Таш-Көмүр шаарын балдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана бактылуу шаарга айланталы!
Ал эми сиздерге, азиз бөбөктөр, ден соолук, ийгилик, шаттык жана мээрим каалайм. Ар дайым күлүп-жайнап жүрө бергиле! Ар бириңердин кыялдарыңар орундалып, келечеги кең болсун!
Майрамыңар менен!
Урматтоо менен,
Таш-Көмүр шаарынын мэри
К.Б. Бектемиров